«Апама 1 жыл таарынып жүрдүм» дейт Айбек Карымов

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы, обончу Айбек Карымов апасы менен «Бейишим-ата-энем» берүүсүнүн коногу болду. Эне-бала бир учурда ортосунда болгон таарынычы, түшүнбөстүктөрү тууралуу алгачкы жолу ачык айтып беришти.