Арген Асанов: “Аружан машинага отургандан коркуп калды”

Блогер Арген Асанов жакында эле “С” класстагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа алды. Аны “дөөтү кут болсун” деп куттуктап, маектештик. Асанов былтыр жылдын соңунда туш болгон автокырсык, жубайынын андан кийинки абалы, үй-бүлөсүнүн блогерликке байланыштуу пландары менен бөлүштү.