«Аваз 4 миллион сомдук үйүн мага ишенип «берип койду» дейт ырчы Илгиз Абдалиев

Ырчылар Аваз Акимов менен Илгиз Абдалиев М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда таанышып, ошондон бери достошуп келишет. «Окуу жайга жаңы келгенде «Министрдин кызынын махабатындагы» Буркан бизге кыр көрсөтүп, анын таягын көп жеп калдык», — деп эскеришет достор.