«Балам бизди сагынып куса болуп көп ооруду» дейт Самара Токтакунова

SuperTV`нын кезектеги каармандары Кыргыз ССРинин Эл артисти Самара Токтакунова менен уулу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Актан Исабаев болушту. Маек учурунда Самара Токтакунова чыгармачылык деп жүрүп балдарына көп көңүл бөлө албай калганын айтты.