“Бир канатым сынып калды. Жолдошумдун сый көрөр кезинде кетип калганы мага арман” | Алина Жетигенова

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова жана анын үй-бүлөсүндө өткөн жылдын июль айында чоң жоготуу орун алган. Тагыраагы ырчынын жолдошу оорудан улам 49 жашында каза болгон. “Депрессия эмне экенин жолдошум каза болгондо билдим” деген ырчы өмүрлүк жарын эскерет.