Блогерлер Медер жана Нуризанын жарымы цех, жарымы үй болгон өргөөсүндө конокто

Блогер, вайнер, шоумен Медер Нуркадыров жана жубайы, блогер Нуриза Бектурованын үйүндө конокто болдук. «Кичинекей кезден бери ушул үйдө чоңойдум. Ал учурда биз жашаган Ак-Өргөө конушунда үйлөр аз болуп, талаа эле болчу экен» деген Медер мырза жарымы цех, жарымы үй болгон өргөөсү менен тааныштырды.