Эксклюзив! SUPERTV “Буй буйду” эзген италиялык тиктокчу менен маектешти |“Кыргызстанга баргым келет”

Кыргыз интернет колдонуучуларынын арасында кыргыз ырларына кошулуп ырдап, видео тарткан италиялык Алессандро Карусо аттуу тиктокчунун видеолору кеңири тароодо. Биз дал ошол кыргыз ырларына күйөрмандык кылган Алессандро мырза менен байланышып, италиялык мекендешибиздин жардамы менен маектештик. Алессандров мырза “кыргыз ырлары аркылуу Кыргызстанды тааныдым” дейт.