«Эркектердин» каармандары 15 жылдан кийин сырларын ачышты

Мындан 15 жыл мурун режиссёр Рустам Аташов кыргыз элине «Эркектер» аттуу комедиялык тасмасын тартуулаган. Ал тасма дисктерден көп көрүлүп, кызыгуу арттырган соң көпкө күттүрбөй 2-3-бөлүктөрү тартылган. 4 эркектин кызыктуу, күлкүлүү окуяларын баяндаган тасманын каармандары ошол учурга кайрылып, көп кызыктарды айтып беришти.