Футболдо сүйүктүүсүнүн колун сураган «романтик жигиттин» үлпөт тоюнан репортаж

7-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы менен Бангладеш курамасы кез келип, “Акшумкарлар” жеңишке жетишкен. Ал беттешке өлкө президенти Садыр Жапаровдун күбө болгону жана “романтик жигиттин” 23 миң адамдын алдында сүйүктүүсүнүн колун сураганы менен күйөрмандардын эсинде калган. “Романтик жигит” ошол күнү бизге берген маегинде “Садыр Жапаровду өкүл ата коём” деп айткан. Ал чындап эле ажону өкүл ата койдубу? Бул суроого жоопту видеодон таба аласыз.