Гүлназ Чыныбек кызы кичинекей Амина менен жолукту. “Ырдайм десе колдойм” дейт ырчы

11-октябрда биз интернетте «Жолуксам кандай жакшы» деп ырдап белгилүү болгон 4 жаштагы Амина аттуу кичинекей таланттуу кыз менен маектешип, өнөрүнө күбө болгонбуз. Анда ал «Гүлназ Чыныбек кызындай болгум келет, ага жолугууну кыялданам» деген эле. Арадан 4 күн өтүп, Чыныбек кызы менен Аминанын үйүнө бардык. Ырчы кичинекей кызга белек-бечкегин тапшырып, кубандырды.  Кичинекей ырчы кыздын мурунку видеосун бул жактан көрүңүз: