“Бир тууган” берүүсүнө бул жолу ырчы Гүлназ Чыныбек кызын сиңдиси менен чакырдык. Жаркылдак ырчынын сиңдиси да күлкүчү экен. Ырчынын сиңдиси Каныкей айым эжесинин балачагындагы кылык-жоруктарын айтып, сырларын ачып, эфирди көрккө бөлөдү.
Тамада Арген Эсенбай уулунун апасы эмнеге ыйлады?
Тамада, шоумен Арген Эсенбай уулу бейиши - апасы менен SuperTV`да конокто болду. Эне-бала башынан өткөргөн сыноолорун эстеп, кенен маек курушту.