Гүлзат Мамытбек менен Санжар Мыкыевдин чыры

Өзүн кыргыздын деми деп атаган блогер Гүлзат Мамытбек социалдык баракчасы аркылуу ыйлап, элге кайрылуу жасаганын көрсөңүздөр керек. Ал Бишкекте өткөн иш-чарада шоумен Санжар Мыкыев сүйлөйүн десе микрофонун өчүрүп, эл алдында уяткарганын айтып ыйлаган. Окуя чынында кандай болгон эле, Гүлзат Мамытбек менен чырга аты аралашкан Санжар Мыкыевдин пикирин уктук.