«Хит экенин же шылдың экенин түшүнбөй жатам» дейт Гүлжигит Сатыбеков

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков менен ырчы Гүлсүн Бостонкулованын «Вауу» аталышындагы ыры коомчулукта талкууга түштү. «Гүлжигит Сатыбеков деңгээлин түшүрүп мындай ырды жазбай эле койсо болмок» деп көпчүлүк аны сынга алууда. Хайп жараткан ырдын жаралуу тарыхын өз оозунан угалы.