Ильяз Андашты тамада Нурлан Насип деп чакырып, Айгерим Эшимдин такасы көйнөгүнө илинип…

Ардактуу көрүүчү, SUPERTV телеканалы «Күйдүм чок» берүүсүнүн 3-чыгарылышын тартты. Бул берүүдө ырчылар Айгерим Эшим, Ильяз Андаш, Рахат Токторбай кызы, Айбек Бактыбеков жана куудул Ильяз Иманалиев болду. Алар эл сүйгөн ырларды жандуу үн менен аткарып, сахна артындагы, тойдогу, чыгармачылыктагы кызыктуу учурларын эстешип, чер жазышты.