«Жубайымды Кудайдан тилеп алдым» дейт ырчы Айар

«Карындаш», «Ардагым» ырлары менен коомчулукка таанылган ырчы Айар түгөйүн таап, жакында гана үйлөндү. Ырчы мырзанын жүрөгүнүн ээси ким? Экөө кантип табышып калышты? Сүйүү баянды каармандардын өз оозунан угалы.