Бакыт Мамаев бир кездери «Арзуу», «Бойдоктор» жана башка ырларды аткарып, ал ырлар калың элге жайылып, хит болгон эле. Дал ошол ырчы, обончу, тамада Бакыт Мамаев бүгүнкү күнү Бишкек шаарынын четиндеги жаңы конушта үйүнүн короосунда каз, өрдөк, тоок багат. Хоббисин бизнеске айланткан ал «аталган канаттуулардын эти, майы, алтургай жүнү да пайдага жарайт» дейт. Видеомаекте Мамаев «каз-өрдөгүмө досторумдун атын коюп алгам» деп күлдүрдү.
Санжар Бердибеков: “Өзүмдөн 27 жашка кичүү кызга үйлөндүм, кыздуу болдук”
Куудул Санжар Бердибеков кыздуу болуп кубанычы койнуна батпай турганын айтып биз менен бөлүштү. "Жакында эле кыздуу болдум, башкача сезим болду....









