KG Эльмурат шоу-бизнестегилерди чогултуп, форель менен коноктоду

7-майда ырчы KG Эльмурат «El & Moda» аталышындагы чайхана ачып, ага эстрада ырчыларын, досторун, жакын туугандарын чакырып, ачылуу кечесин кылды. «Бул иш-чараны уюштуруу милдетин өз моюнубузга алып, бир жума даярдандык» дешет Өзгөн өнөрпоздору. Бул кечеге биз да чакыруу алганбыз, барып репортаж тарта келдик.