«Кино токтоп калганда сүрөттөрүмдү сатып, оокат кылдым» дейт Кожожаш атыккан актёр

«Кожожаш» атыккан актёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Догдурбек Кыдыралиев кесиби боюнча сүрөтчү экенин көпчүлүк биле бербесе керек. «90-жылдары жашоо оорлошуп, киного чакыруу болбой калган учурда сүрөттөрүмдү сатып жан багып жаттым», — дейт каарман.