Кыргыз юморунун дөө-шааларынын сахна артындагы «серый кардиналдары»

«Күчтүү эркектин артында акылдуу аял турат» демекчи, кыргыз юморунун башаты болгон Күмөндөр Абылов, Жаныбек Алыкулов, Рахман Разыков, Кабыл Бөрүбаевдердин артында турган жубайлары менен маек курдук. Чыгармачыл адамды колдоп, аны бийик көкөлөтүп баккан, күткөн жубайлары куудулдардын сахна артындагы жашоосу тууралуу кызыктуу баян курушту.