“Кызым өз каалоосу менен жоолук салынды. Мен мажбурлаган жокмун” дейт ырчы KG Элмурат

SUPERTV’да жаңы долбоор – “Атасынын ай кызы”. Бул берүүдө биз белгилүү адамдардын кыздары менен бирге маектешебиз. Долбоордун алгачкы коногу ырчы KG Элмурат кызы Асила менен. Ырчы кызынын тили “ата” деп чыкканын, уулдарына караганда кызы ага көбүрөөк жакын экенин жана Асиланын окуудагы жетишкендиктери, тандоосу, кыял-максаттары тууралуу айтып берди.