“Кызыма жашсың, турмушка чыгып, дагы төрөп ал деп көп айтам” дейт Асел Турдалиеванын апасы

“Бейишим – ата-энем” долбоорунун кезектеги каармандары Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева менен апасы Алия айым болду. Эне-баланын ортосундагы мамиле, ырчынын балалыгы, кыялдары, карьерасы жана жеке жашоосу тууралуу маекти сунуштайбыз.