Биз “Күйдүм чок” берүүсүнүн 2-чыгарылышын тарттык. Анда конокто колдоруна музыкалык аспаптарын кармап, ырчылар Рустам Сагыналиев, Ирлан Таалайбеков, Нурила, Канышай Сүйүнбай, Нурсултан Курманбеков жана куудул Талас Кашкариев болду. Кудум айылдын четиндеги отурушту элестеткен музыкалык берүүдө алар ырдап, ойноп, тамашалашып, башынан өткөн окуяларын айтып берип отурушту.
Медер Сагынов: “Гүлнарамдын” экинчи бөлүгүн автору бербей койду
“Рулдагы жылдыз” берүүсүнүн бул жолку каарманы ырчы Медер Сагынов. Ал “Гүлнарам” аттуу ырынын арты менен 15 миң долларлык Mercedes-Benz W210...