Назира Айтбекова менен Замира Молдошеванын 18 жылдык достугу

Стилист Замира Молдошева менен алып баруучу Назира Айтбекова алардын ортосундагы жаш айырмачылык 13 жыл болгонуна карабай, теңтуштардай достугу бар экенин айтышат. “Бири-бирибиздин катабызды оңдогон курбуларбыз” деген алар SUPERTV’нын “Менде бир дос бар” рубрикасында жылдар менен сыналган достугу тууралуу айтып беришти.