«Кызымды Орусиянын каналынан көргөндөгү кубанычымды түшүндүрө албайм» дейт Бегимай Турусбекованын апасы

3 ай мурун Бишкектеги “Ынтымак” паркында ырдап бир түндө жылдызга айланган Бегимай Турусбекова апасы Сырга Мусаева менен SUPERTV телеканалына маек берди. “Менин жетпей калган кыялыма кызым жетип жатканына кубанычым коюнума батпай жүрөт” дейт ырчы айымдын апасы.