Оштун жылдызы Актилек Айдаровдун Париж аталган үйүнө рум-тур

Оштун жылдызы, тамада, шоумен Актилек Айдаров жубайына сюрприз кылган үйү менен тааныштырды. «Көпчүлүк менин батирде жашаганыма таң кала беришчү. Баары мени Ошто үйү бар деп ойлошчу экен. Шаарда үйү бар деген ойлору деле жакшылыкты чакырды окшойт, минтип үй-жайлуу болуп, кубанып отурабыз», — дейт шоумен.