“Шоу-бизнесте бирөөнүн мамилеси сокку болуп, ырчылыкты таштагам” дейт ырчы Мелис Абдырашитов

“Жоготкум келбейт сени жүрөгүмдөн…” Мындан 15 жыл мурда дал ушул ыр хит болуп, күнү бүгүнкүгө чейин эл оозунан түшпөй келет. Дал ошол ырдын аткаруучусу Мелис Абдырашитов менен маектештик. Ырчы ошол кездери шоу чөйрөсүнөн эмнеге кеткенин, андан бери эмне кылып жүргөнүн айтып, ретрохиттерди ырдап берди.