“Соке кетсин” деген сөзүмдөн тайбайм” дейт Назира Айтбекова

Социалдык тармактарга жазган ар бир жөн эле ойлору эл арасында кызыгуу жаратып, талкууга алынат. Өз пикирин ачык айтып, өлкөдө болуп жаткан бардык окуяга жарандык позициясын билдирип, тайманбаган мүнөзү, өзгөчө ой-жүгүртүүсү менен көпчүлүктү таң калтырып келет. Сөз – алып баруучу, блогер жана актриса Назира Айтбекова тууралуу болуп жатат.