Султан Садыралиев: «Адамга адам керек» ырынын обону балкондо жаралды»

Кечээ жакында эле бир топ кыргыз ырчыларынын аткаруусундагы «Адамга адам керек» деген аталыштагы чыгарма жарык көрүп, эл жылуу кабыл алды. Дал ошол ырдын жаралуу тарыхы жөнүндө ырдын обонун жазган ырчы Султан Садыралиев жана сөзүн жазган акын Акбар Кубанычбеков айтып берди.