«Тамчы, тамчы, Айтчы, айтчы…» деп ырдаган Алмаз Абдылдаев каза тапты

«Тамчы, тамчы, айтчы, айтчы,

Качан келет сүйүү жазы…» ушул ыр саптарын укпаган адам болбосо керек. 90-жылдарда калың журттун жүрөгүнөн орун тапкан «Тамчы» ырынын автору Алмаз Абдылдаев 52 жашында каза болду. Маркум ырчынын үй-бүлөсү, кесиптеши Азиза Адиева анын акыркы учурда оору менен алышып жүргөнүн айтып, эскеришти.