“ТикТокто” ич кийимин башына кийген кыз элден кечирим сурады

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов “ТикТок” социалдык тармагын Кыргызстандын аймагында жөнгө салууну сунуштады. Ал арада “ТикТок” социалдык тармагынын айрым колдонуучуларынын арасында түз эфирде бири-бирине тапшырма берип жатышты. “Жекеме-жеке” долбоорунун бул жолку чыгарылышында биз Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов, психолог Зарина Усупова, куудул Жакут Сыдыков, ырчы Салтанат Шекенова жана бирине-бири ич кийимди башына кийүү буйругун берип, аны аткарган тиктокчулар Аскат Өмүров менен Пери Жээнбекованы чакырдык. Талкууну көрүңүз.