Төкмө акын Болот Назаров соттун чечими менен үй камагына чыгарылды

Төкмө акын Болот Назаров баңгизат колдонду деген шек менен укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган. 23-январь кечинде Свердлов райондук сотунун имаратында сурак берип чыккан акындын билдирүүсүн көрүңүз. Эске салсак, төкмө акын Болот Назаровду колдоп соттун имаратынын алдына анын жубайы, эжеси жана кичинекей кызы келди. Аны менен катар тарапташтары, маданият өкүлдөрү да болду.