«Турмушта көп чалынып, кайра турдум» дейт «Үч-Теректин үч кызынын» бири Анапия Райымбекова

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Үч-Теректин үч кызынын улуусу Анапия Райымбекова «Менин дүйнөм» берүүсүнүн кезектеги коногу болду. Ал бала кезиндеги кыялын орундатуу үчүн жалгыз Фрунзе шаарына келип, кантип өз атын өзү жасаганын айтып берди.