Турусбек Жумалиев юбилейин белгилеп, наамын “майлады”. Бир уулу ырдап, бири видеодон куттуктады

Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алган Турусбек Жумалиев наамын “майлап”, аны менен катар 60 жылдык юбилейин да белгиледи. Тойго келген коноктордун басымдуу бөлүгү маданият өкүлдөрүн түздү. Алар кесиптешине жакшы сөз, жылуу пикирлерин айтып, белек-бечкектерин тартуу кылышты. Жакшылыктан репортаж сунуштайбыз.