“Улуу кызыма шерик болсун деп кыз күткөнбүз” дейт уулдуу болгон “Музаман” тобунун солисти

“Музаман” тобунун солисти, ырчы Алымкул Мамырбаев жакында эле уулдуу болгонун айтып, сүйүнчүлөгөн. Ал эми бүгүн, 8-октябрда ымыркайы менен келинчегин жакындары менен биргеликте төрөтканадан чыгарып кетти. Ырчы мырза уулуна Барсбек деп ысым ыйгарганын айтат. Биз анын жакшылыгына күбө болуп кайттык.