«Универсал» Бишкекти «жарды». “Тамашаларыбыз Калыбектин боюндай узун, Садыктын башындай чоң”

Кечээ, 22-мартта «Универсал» командасы Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында өз күйөрмандарына күлкү тартуулады. «4 киши келсе деле концерт коё беребиз» деген күлкү жаратуучулардын өнөрүнө күбө болуу үчүн биз да барып, репортаж даярдап келдик.