“Үй-бүлөмдү, ата-энемди таштап, АКШга кете албайм” дейт ырчы Омар

Ырчы Омар менен ар кыл темада маектештик. Соңку күндөрү анын АКШга байма-бай каттаганы күйөрмандарынын кызыгуусун арттырып, ал жакка биротоло кетүүсү мүмкүнбү деген суроо жаратып келген. Бул тууралуу ырчынын өзүнөн сурадык.