Түркияда өткөн IV Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын алкагында көк бөрү жана жер улак (көкпар) боюнча мелдештер өтүп, анда Кыргызстандын көк бөрү курама командасы Казакстандын курама командасын 5:0 эсебинде утту. Ал эми көкпар боюнча курама команда жеңилүүгө дуушар болду. 4-октябрдын таңында көк бөрү жана көкпар курамалары Бишкекке келип конду. Аларды тосуп алуу үчүн SUPERTV телеканалы да аэропортко барып, көк бөрүчүлөргө оюндар тууралуу суроо салды.
Сейитбек Анарбек уулу, көк бөрүчү: ”Ата-энемден эрте айрылдым”
Намыс командасынын оюнчусу Сейитбек Анарбек уулу менен маектештик. Ал жакында эле ресторандардын биринде үй той жана тушоо той өткөрүп, элден...









