“Эч нерсе билбеген аттарды үйрөтүп, ойноп, жеңишке жеттик” дейт көк бөрүчү Манас Ниязов

Түркияда өткөн IV Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын алкагында көк бөрү жана жер улак (көкпар) боюнча мелдештер өтүп, анда Кыргызстандын көк бөрү курама командасы Казакстандын курама командасын 5:0 эсебинде утту. Ал эми көкпар боюнча курама команда жеңилүүгө дуушар болду. 4-октябрдын таңында көк бөрү жана көкпар курамалары Бишкекке келип конду. Аларды тосуп алуу үчүн SUPERTV телеканалы да аэропортко барып, көк бөрүчүлөргө оюндар тууралуу суроо салды.