“Жоламанга билдирбей үй-бүлөбүз менен ыйлап алдык” дейт Жоламан Шаршенбековдун агасы

“Токио-2020” олимпиадалык оюндарында кыргыз калкы балбан Жоламан Шаршенбековдон медаль үмүт кылышкан. Бирок ал үчүн алгачкы болгон Олимпиада жеңиш алып келген жок. Ага карабастан бүгүнкү күндө мекендештер Жоламан Шаршенбековго колдоо көрсөтүп, алдыда ийгиликтерди каалап турган чагы. Биз балбандын бир тууган агасы менен маектештик. Ал иниси утулуп калганда бүт үй-бүлө мүчөлөрү ыйлап алганын айтат.