Жоламанга таластыктар аргымак мингизип жеңишти “майлашты”

Париж Олимпиадасында коло медаль алган балбан Жоламан Шаршенбековду куттуктап анын жакындары, айылдаштары, дос-классташтары балбандын үйүнө чогулушту. Балбанга айылдаштары ат мингизип, бата беришти. Бул кубанычка ортоктош болуу үчүн Шаршенбековдордун үй-бүлөсү SUPERTV’ны да чакырган. Биз да барып, жакшылыкка күбө болуп кайттык.