“Нес болуп, өзүмө келе албай жатам”. Жигит футбол учурунда сүйүктүүсүнүн колун сурады

8-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Сингапур командаларынын футболдук мелдеши өттү. Оюн башталаар алдында «Ак шумкардын» формасын кийген жигит сүйүктүүсүнө шакек сунуп, үйлөнүү тууралуу сунуш киргизди. Сүйүшкөн жаштарды оюн көрүүгө келген күйөрмандар колдоп турушту. Кыйкырык-сүрөөн, эмоцияга бай болгон оюндан репортаж сунуштайбыз.