Орусияда муштум уруш чемпиону болгон Самат Кыргыз күйөрмандары менен жолукту

Бүгүн, 2-июлда Бишкектеги соода түйүндөрдүн биринде мушкер Самат Абдырахманов күйөрмандары менен жолукту. “Кыргыз” каймана аты менен таанымал 22 жаштагы Самат Абдырахманов 26-июнда Москва шаарында өткөн муштум урушунда атаандашы, Орусиянын бокс боюнча чемпиону, өзүнөн оор салмактагы Лендруш Акопянды 4-раундда нокаут менен жеңип, Hardcore FC чемпиондук куруна, башкы байгеге коюлган BMW автоунаасына ээ болгон. Ал 30-июнда Кыргыз өлкөсүнө келип, аны жүздөгөн күйөрмандары сый менен тосуп алышкан.