#Аптага_сереп: Жапаров Атамбаев менен Жээнбековду чаңында калтырды

Бүгүн күнгө дүйшөмбү, 11-январь. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына үч айдан ашык убакыт өтүп, кечээ ошондон бери эл биринчи жолу шайлоо тилкелерине келип, анда жаңы президент жана жаңы Баш мыйзамды кабыл алууга алып келе турган жол тандалды.