Бүгүн күнгө жекшемби, 20-декабрь. Бул аптада президенттикке ат салышкандардын үгүт кампаниясы башталып, шайлоонун жыйынтыгына шек жаратышы мүмкүн болгон окуялар да орун алууга үлгүрдү. Президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов вазыйпасынан пайдаланып, Ош менен Жалал-Абадда иш сапарында жүрөт. Сентябрда Сооронбай Жээнбеков, эки айдан кийин Садыр Жапаров, кайра эки айга жетпей Талант Мамытов. Жогорудагы облустардын тургундары ары-бери үч айдын ичинде эле айылчылап келген үч президентти тосуп алышты. Мындай көрүнүшкө Кыргыз өлкөсүндө гана күбө болууга мүмкүн. Өмүрүн узартып алган Жогорку Кеңешке келсек, “чимкирик” атыккан депутаттар референдум тууралуу мыйзам долбоорун ары тоголотуп берген соң, эми экономикалык амнистия тууралуу талаштуу долбоорго билек түрө киришип, буга кошумча Аида Касымалиеваны вице-спикерлик креслодон түшүрүү операциясы башталды. Өкмөт болсо, күн алыс ар кандай маалыматты четке кагуу менен убара. Ушул жана башка жума ичиндеги башкы окуяларга “Аптага серепте” саресеп салып көрөлү.
#Аптага_сереп: Жетим-Тоо кени боюнча бийлик санаасы менен байыган сарт болуп жатабы?
- Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР
Related Content
ЖАҢЫЛЫКТАР. Акылбек Жапаров: "Коррупцияга каршы күрөш жыйынтык бербей жатат”
Автор
Наргиза Талантбекова
20:25 19.07.2022
ЖАҢЫЛЫКТАР. «Ихсан», «S-LINE» кооперативинен жабыр тарткандар акчасын кантип алат?
Автор
Наргиза Талантбекова
19:21 18.07.2022
ЖАҢЫЛЫКТАР. Боинг кулаганда чогулган акчадан казынага да бөлүнгөнбү? / Таласта карантин киргизилди
Автор
СЕРЕП МЕДИА
19:41 15.07.2022
ЖАҢЫЛЫКТАР. Планшетчи? Чиновниктер кагаз сатып албайт деген ишке аша элек
Автор
СЕРЕП МЕДИА
21:19 14.07.2022
ЖАҢЫЛЫКТАР. Ташиев рахмат укту / Депутаттар кооперативдерге киришти / Миңдей директор алмашат
Автор
СЕРЕП МЕДИА
19:55 13.07.2022