#Аптага_сереп: Матраимов УКМКны «уктатып» кеттиби?

КЫЗЫКТУУ ВИДЕОЛОР / АКЫРКЫ КАБАРЛАР / ЖАНЫЛЫКТАР / ЭЛДИК ВИДЕО
Бүгүн күнгө жекшемби, 6-декабрь. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан биринчи митингге 2 ай 1 күн болуп, президенттик шайлоого Жаңы жылды эсепке алуу менен 1 ай эле калды десек болот. Матраимовдун төлөнүп бүтө элек 2 миллиард сому… Атамбаевдин ишинин кайрадан кароого жиберилиши… Конституциялык палатанын көбүнө күтүлүп эле жаткан, бирок азына күтүүсүз болгон чечими… Новиковдун мамлекеттик мекемелердин бири-бири менен чырдашууга жеткирген иш сапары… Ушул жана башка окуялар жума ичинде көп сөз болуп, көп сындалып жатты. Анда эмесе, мунун баарына “Апта серептин” жетинчи чыгарылышында саресеп салып көрөлү.