ЖАҢЫЛЫКТАР (11-апрель) Өлкөнүн жаңы тагдыры чечилди / Бишкек менен Ошту кайсы партиялар бийлешет?

Өлкөдө кечки саат 8:00дө Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум аяктады. Добуш берүү соңуна чыгып, шайлоо тилкелери ишин токтотту. Алгач автоматтык эсептөө урнасынын жыйынтыгы жарыяланат, андан соң добуштар кол менен саналат. Автоматтык эсептөө урналарынын баштапкы жыйынтыгы белгилүү боло баштады.