Сүйүүсүн билдирген Айнура Салахидинова, жубайын башкага алмаштырган Минур

SUPER TV`да жаңы долбоор. Бул ирет атактуулардын өздөрү гана эмес, алардын түбөлүк түгөйү менен биргеликте уюштурулган шоу берүүнү сунуштайбыз. Долбоордун алгачкы катышуучулары — ырчы Айнура Салахидинова жолдошу Санжар мырза менен, актёр Арнис Кыдырмышев менен жубайы Альбина Имашова, ырчылар Самат менен Минур жубайлары Жылдыз менен Жазгүл болду.