Шаршемби, 04.06.2025
Бишкек booked.net
+21...+33° C

Месяц: Октябрь 2021

Ош-Стамбул-Ош түз аба каттамы 8 жылдан кийин жанданды

Ош-Стамбул-Ош түз аба каттамы 8 жылдан кийин жанданды

Бүгүн, 1-октябрда Ош-Стамбул-Ош түз аба каттамы ачылды. Биринчи каттамдын жүргүнчүлөрүн "Ош" эл аралык аэропорту салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти. Конокторду "Манас" эл аралык аэропорттун башкы директорунун инфраструктура ...

Бишкекте 9 жаштагы бала 3 инисин өрттөн куткарып калган. Ал «Ардак грамота» менен сыйланды (видео)

Бишкекте 9 жаштагы бала 3 инисин өрттөн куткарып калган. Ал «Ардак грамота» менен сыйланды (видео)

Бишкекте 9 жаштагы бала өз инилерин өрттөн куткарып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Бүгүн, 1-октябрда ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын атынан, ошондой эле Биринчи Май районунун аскер бөлүгүнүн жеке ...

“Жолдошум экөөбүз тең романтикпиз. Бири-бирибизге сюрприз жасаганды жакшы көрөбүз” дейт Айгерим Расул кызы

“Жолдошум экөөбүз тең романтикпиз. Бири-бирибизге сюрприз жасаганды жакшы көрөбүз” дейт Айгерим Расул кызы

Айгерим Расул кызы 10-октябрда, тагыраагы өзүнүн туулган күнүндө жеке концертин тартуулоо алдында турат. Ырчы менен концертке болгон даярдыктары, үй-бүлөсү жана жакында эле Кыргыз Эл артисти наамын алган атасы тууралуу баарлаштык. ...

Европа соту Валентина Чупикти Орусиядан депортациялоого тыюу салды

Европа соту Валентина Чупикти Орусиядан депортациялоого тыюу салды

Адам укуктары боюнча Европа соту укук коргоочу Валентина Чупикти Орусиядан Өзбекстанга депортациялоого кеминде 17-октябрга чейин тыюу салды. Соттун чечимин адвокат Дарья Тренина Facebook баракчасына жарыялады. Анын айтымында, сот Валентина Чупикке ...

5000 долларлык таажы тагылды. «Кыргызстан сулуусу-2021» сынагында 16 жаштагы  Алтынай Ботоярова  жеңүүчү аталды

16 жаштагы Алтынай Ботоярова «Кыргызстан сулуусу-2021» сынагында жеңүүчү аталды

Бишкекте "Кыргызстан сулуусу-2021" сынагынын финалы өтүп, ага 31 кыз катышты. Алардын арасынан "Кыргызстан сулуусу-2021" наамы 16 жаштагы Алтынай Ботояровага ыйгарылды. Моделдик кесипти аркалаган сулуу буга чейин «Мини Мисс Кыргызстан-2014» жана ...

Айдана Дека: “Атам апамдан кечирим сураса, балким катташмакмын”

Айдана Дека: “Атам апамдан кечирим сураса, балким катташмакмын”

SUPERTV каналына ырчы Айдана Дека эксклюзивдүү маек берди. Анда ырчы айым буга чейин ачыктабай келген, жашоосундагы айрым жагдайлар тууралуу ооз ачты. “Өгөй деген сөздү жаман көрөм, ошондуктан азыркы атамды ата ...

Ноокенде 19 жана 16 жаштагы өспүрүмдөр киши өлтүрүүгө шектелип жатышат

Ноокенде 19 жана 16 жаштагы өспүрүмдөр киши өлтүрүүгө шектелип жатышат

Милиция Ноокендеги киши өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 24-сентябрь күнү саат 10:30 чамасында Ноокен райондук ооруканасынын Тез жардам бөлүмүнүн дарыгери ...

«Генератор иштебей калган». Кычкылтек аппаратына туташтырылган бейтап каза болгонун айтышты

«Генератор иштебей калган». Кычкылтек аппаратына туташтырылган бейтап каза болгонун айтышты

Кычкылтек аппаратына туташтырылган бейтап генератор иштебегендиктен каза болгон. Мындай маалыматты кечээ, 30-сентябрда Twitter соцтармагына колдонуучу жазып чыкты.  «Апама кесиптеши каза болгонун жазышты. Ал кычкылтек аппаратына туташтырылган эле, жарык өчкөндө генератор ...

Баткенде талкаланган үйлөр өз убагында бүтпөй жатканына Марипов нааразы болду

Баткенде талкаланган үйлөр өз убагында бүтпөй жатканына Марипов нааразы болду

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги 28-30-апрелиндеги окуялардын кесепетинен жабыркаган Баткен облусунун чек арада жайгашкан айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңейтилген кеңешмеси өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. ...

Электрондук тамеки үчүн гашиш майын Кыргызстанга алып кирүүгө аракет кылышкан

Электрондук тамеки үчүн гашиш майын Кыргызстанга алып кирүүгө аракет кылышкан

ИИМ кызматкерлери Бишкекте электрондук тамекиде колдонууга керектелген контрабандалык гашиш майынын партиясын аныкташты жана кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.  «15-сентябрда кызматкерлер "Северная" темир жол бажысынын кызматкерлери ...

Бишкекте айдоочу күч колдонуп, жаш келинди кызы менен маршруткага салбай койду (видео)

Бишкек мэриясы айдоочу түртүп, маршруткага отургузбай койгон келинди издеп жатат

Бишкек мэриясы №203 каттамдын айдоочусу түртүп, маршруткага отургузбай койгон келинди издеп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. "Шаардык мэрия айдоочунун кылыгына нааразы, ал жөн гана орой эмес, балалуу жүргүнчүгө жоопкерчиликсиз мамиле ...

«13-15 метр төмөн». Жалал-Абадда Мерседес-Бенц жарга асылып калган (сүрөт)

«13-15 метр төмөн». Жалал-Абадда Мерседес-Бенц жарга асылып калган (сүрөт)

Жалал-Абадда куткаруучулар жарга асылып калган унааны тартып чыгарышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, Таш-Көмүр шаарындагы Баетов көчөсүндө Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып, жарга такалып калган. ...

Москвалык айым таксистти сүйүп калып, аны менен Кыргызстанга келет. «Зоркий» тобу бул тууралуу тасма тартты

Москвалык айым таксистти сүйүп калып, аны менен Кыргызстанга келет. «Зоркий» тобу бул тууралуу тасма тартты

Музыкант жана сценарист Василий Зоркий "Көрүшкөнчө" аттуу даректүү тасманы тартты. Анда москвалык Ася менен Кыргызстандан барган таксисттин махабаты баяндалат. Алар Москвада эки жыл чогуу жашашат, Жаныбек үйүнө кеткен бойдон Орусияга ...

Кара-Көл шаардык кеңеши iPhone 12 Pro Max сатып алганы жатат. Шаардык кеңештин төрагасы эмне дейт?

Кара-Көл шаардык кеңеши iPhone 12 Pro Max сатып алганы жатат. Шаардык кеңештин төрагасы эмне дейт?

Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарына шаардык бюджеттен iPhone 12 Pro Max үлгүсүндөгү телефон сатып алынат. Шаардык кеңештин төрагасы Эмил Ашыралиев кымбат баадагы бул телефон кандай максатта сатып алынарын түшүндүрдү. «Шаардык кеңештин ...

«Куртканы башына жаап, сабашкан». Чүйдө тоноого шектүү жарандар кармалды

Кара-Сууда айыл чарба багытындагы жерлерди үй куруу үчүн сатышкан кызматкерлер кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн ...

Талас облусундагы коррупциялык схема. Президенттин облустагы өкүлчүлүгү комментарий берди

Талас облусундагы коррупциялык схема. Президенттин облустагы өкүлчүлүгү комментарий берди

УКМК Талас облусундагы бийлик бутактарындагы коррупциялык схеманын бетин ачканын, зыяндын жалпы суммасы 15 миллион сомду түзгөнү тууралуу маалымат берген. Бул боюнча президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү комментарий берди. "УКМКнын басма сөз ...

Жарандык активист Тилекмат Куренов №27 түзөтүү колониясына которулду

Жарандык активист Тилекмат Куренов №27 түзөтүү колониясына которулду

Активист Тилекмат Куренов №27 түзөтүү колониясына которулду. Бул тууралуу Эрлан Бекчороев билдирди. Анын айтымында, буга чейин активист Бишкектеги СИЗО-1де кармалып турган. Кечээ ал №27 колонияга которулган. 15-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери ...

Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов кызматтан кетти

Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов кызматтан кетти

Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов кызматтан кетти. Ал парламенттик шайлоого барууну чечкенин айтты. «Күч-аракетимди шайлоого жумшоону чечтим. Федерацияда аткарыла турган иштер көп. Менин отставкам 11-октябрда боло турган аткаруу комитетинин ...

Караколдо секелек кыз жолго чуркап чыгып, унаанын алдына кирип кеткен (видео)

Караколдо секелек кыз жолго чуркап чыгып, унаанын алдына кирип кеткен (видео)

Каракол шаарында 11 жашар кыз жолго чуркап чыгып, унаанын дөңгөлөгүнө кирип кеткен. Ысык-Көл ОИИБдин берген маалыматына караганда, 28-сентябрда саат 19:40 чамасында Каракол ШИИБге ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда 2010-жылы туулган кызды ...

«Ушак айтуудан, жалаа жапкандан да орозо кармоо зарыл». Садыр Жапаров Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

«Узак өмүр, бакубат жашоо, кажыбас кайрат тилейм». Садыр Жапаров карыларды эл аралык күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрда кыргызстандыктарды карылардын эл аралык күнү менен куттуктады. Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу: «Урматтуу аксакалдуу аталар жана ак элечек апалар! Кымбаттуу кадырман ардагерлер! Кылымдардан бери кыргыз калкы ...

Москвада кыргызстандык кыздар массалык мушташ уюштурушту

Москвада кыргызстандык кыздар массалык мушташ уюштурушту

Москвада кыргызстандык кыздар массалык мушташ уюштурушту. Бул тууралуу Орусиянын "Первый Русский" басылмасы жазып чыкты. Маалыматка караганда, мушташ Хачатурян көчөсүндө чыккан. Полиция кызматкерлери урушту токтотуп, беш адамды полиция бөлүмүнө жеткиришкен. Кыз-келиндер ...

«Каза болгондор катталган жок». Акыркы суткада 76 адамдан коронавирус аныкталды. Статистика

«Каза болгондор катталган жок». Акыркы суткада 76 адамдан коронавирус аныкталды. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 76 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 42, Ошто - 1, Чүйдө — 20, Ысык-Көлдө —8, Жалал-Абадда — ...

Женевада Кыргызстандын делегациясы менен «Центерра Голддун» сүйлөшүүсү аяктады

Женевада Кыргызстандын делегациясы менен «Центерра Голддун» сүйлөшүүсү аяктады

27-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» маселеси боюнча Женевага учуп кеткен. Ал эми Камчыбек Ташиевдин атынан ачылган Фейсбуктагы баракчада Женевада сүйлөшүүлөрдүн биринчи этабы аяктаганы жазылды. Андагы маалымат боюнча, сүйлөшүүлөргө экономика ...

Барскоон айылында селдин алдын алуу үчүн дамба курулуп жатат (сүрөт)

Барскоон айылында селдин алдын алуу үчүн дамба курулуп жатат (сүрөт)

Барскоон айылында селдин алдын алуу үчүн дамба курулуп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. ​ "Иш-чара сел ташкындарын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында, Барскоон айыл өкмөт тарабынан жасалып жатат. ӨКМ ...

Президенттин басма сөз катчысы депутаттын сөзүнө комментарий берди

Президенттин басма сөз катчысы депутаттын сөзүнө комментарий берди

Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевдин “Эксперттер талдайт” программасында сүйлөгөн сөзүнө комментарий берди. Анда депутат чакырылган эксперт Владимир Фролов президент Садыр Жапаров менен жолукканын ...

5000 долларлык таажы тагылды. «Кыргызстан сулуусу-2021» сынагында 16 жаштагы  Алтынай Ботоярова  жеңүүчү аталды

5000 долларлык таажы тагылды. «Кыргызстан сулуусу-2021» сынагында 16 жаштагы Алтынай Ботоярова жеңүүчү аталды

30-сентябрда "Кыргызстан сулуу-2021" сынагы орун алып, ага 31 сулуу катышты. Бир канча бөлүктөн турган тапшырмаларды аткарышкан соң калыстар тобунун чечими менен 16 жаштагы Алтынай Ботоярова жеңүүчү деп табылды. Сынактан репортаж ...

Страница 31 of 31 1 30 31

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.