Бейшемби, 23.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Узак өмүр, бакубат жашоо, кажыбас кайрат тилейм». Садыр Жапаров карыларды эл аралык күнү менен куттуктады

10:23 01.10.2021
0
«Ушак айтуудан, жалаа жапкандан да орозо кармоо зарыл». Садыр Жапаров Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрда кыргызстандыктарды карылардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу аксакалдуу аталар жана ак элечек апалар! Кымбаттуу кадырман ардагерлер! Кылымдардан бери кыргыз калкы карыяларын кастарлап-барктап, аларга татыктуу урмат-сый көрсөтүп келгендигин нускалуу тарыхыбыз таамай айгинелеп турат. Карысы бардын ырысы бар, Карынын кебин капка сал, Жаш келсе – ишке, кары келсе – ашка деген сындуу ташка тамга баскандай макал-лакаптар бүгүнкү күнгө чейин таасирин жоготпой, улуу муунду кадырлоонун уңгулуу насыяты катары калкыбыздын аң-сезиминде бекем орноп, так аткарылып келатканы буга далил. Көп жашап, көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган аталар менен апалардын акыл-насааты, көсөмдүгү, каниет-сабыры ар дайым кийинки муун үчүн улуу сабак. Түптүү, байыркы элибиздин жашоо шартында улууларга өзгөчө сый-урмат көрсөтүү — калкыбыздын каада-салтындагы өрнөктүү жөрөлгө, бекем адат. Эли-жерибиздин руханий баалуулуктарын, улуттук нарк-дөөлөттөрүн, ыйык касиеттерин көөнөртпөй сактап, жаш муундарга мурастап жатканыңыздар — Кыргызстандын баа жеткис байлыгы. Карыяларыбыздын айткан акыл кептери менен даанышман ойлору келечекке багыт алган жолдо шам чырак болуп берет.

Урматтуу аталар, апалар! Сиздер бар үчүн биз барбыз, биздин мамлекетибиз бар! Ал үчүн сиздерге ар дайым башыбызды ийип, таазим этебиз. “Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эр көгөрөт” деген сыңары, ак батаңар, кеп-кеңешиңер менен өлкөбүздүн өрүшү кеңейип, өркүндөп-өсөрүнө бекем ишенем.

Мамлекет жана коом карыяларыбыздын кем-карчына, суроо-талаптарына ар дайым көңүл буруп турушу зарыл. Анткени, кутман куракка жеткен ата-апаларыбыз кийинки урпактарга, жалпы эле Ата Журтка жасаган асыл эмгеги үчүн мамлекет тарабынан камкордукка алынууга толук акылуу.

Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү! Карылардын эл аралык күнү менен чын дилимден чыккан куттуктоомду кабыл алыңыздар. Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр, бакубат жашоо, кажыбас кайрат тилейм. Ак сакалын жайкалткан аталар, ак элечегин башынан түшүрбөгөн энелер төрдүн көркү, акылдын кенчи болуп жүрө бериңиздер! Бар болуңуздар!»

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Депутаттардын «Баатыр энелердин» балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү демилгеси колдоо тапты

Депутаттардын «Баатыр энелердин» балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү демилгеси колдоо тапты

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:14 23.04.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин...

Ош ОИИБ: Алайда 10-класстын окуучулары 9-класстын окуучуларынан акча талап кылып жүргөн деген факты чындыкка дал келбейт

Ош ОИИБ: Алайда 10-класстын окуучулары 9-класстын окуучуларынан акча талап кылып жүргөн деген факты чындыкка дал келбейт

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:09 23.04.2026
0

Бул факты Алай РИИБге каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Бул тууралуу Ош ОИИБи маалымдады. Анын натыйжасында 16-апрель күнү...

Сурабалдиева 13 жаштагы кыз Дубайга сойкулукка тартылып, кийин каза болгонун билдирди

Сурабалдиева 13 жаштагы кыз Дубайга сойкулукка тартылып, кийин каза болгонун билдирди

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:12 22.04.2026
0

"Мага каза болгон 13 жаштагы кыздын апасы кайрылды. Анын айтымында, анын кызын Дубайда мыйзамга каршы аракеттерге тартылып, кийин ал каза...

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 103 жашында дүйнөдөн кайтты

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 103 жашында дүйнөдөн кайтты

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:46 22.04.2026
0

Кечээ, 21-апрелде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Пухарев  Василий Дмитриевич 103 жашында  дүйнөдөн кайтты. Ал 1924-жылы 1-январда Кемерово облусунун Кузедеев...

Европалык айдоочулук сертификатын алуу боюнча окуу эми Кыргызстанда ишке ашырылат

Европалык айдоочулук сертификатын алуу боюнча окуу эми Кыргызстанда ишке ашырылат

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:34 22.04.2026
0

"Оор жүк ташуучу айдоочулар үчүн жакшы жаңылык менен бөлүшөбүз. Европалык айдоочулук сертификатын (Code 95) алуу боюнча окуу эми Кыргызстанда ишке...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Сурабалдиева 13 жаштагы кыз Дубайга сойкулукка тартылып, кийин каза болгонун билдирди

Сурабалдиева 13 жаштагы кыз Дубайга сойкулукка тартылып, кийин каза болгонун билдирди

17:12 22.04.2026
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 103 жашында дүйнөдөн кайтты

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 103 жашында дүйнөдөн кайтты

15:46 22.04.2026
Европалык айдоочулук сертификатын алуу боюнча окуу эми Кыргызстанда ишке ашырылат

Европалык айдоочулук сертификатын алуу боюнча окуу эми Кыргызстанда ишке ашырылат

15:34 22.04.2026
Депутаттардын «Баатыр энелердин» балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү демилгеси колдоо тапты

Депутаттардын «Баатыр энелердин» балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү демилгеси колдоо тапты

13:14 23.04.2026
Ош ОИИБ: Алайда 10-класстын окуучулары 9-класстын окуучуларынан акча талап кылып жүргөн деген факты чындыкка дал келбейт

Ош ОИИБ: Алайда 10-класстын окуучулары 9-класстын окуучуларынан акча талап кылып жүргөн деген факты чындыкка дал келбейт

13:09 23.04.2026
Мунарбек Сейитбек уулу Бразилияда өтүп жаткан Дүйнө кубогун жеңиш менен баштады

Мунарбек Сейитбек уулу Бразилияда өтүп жаткан Дүйнө кубогун жеңиш менен баштады

10:39 23.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү