Шаршемби, 24.04.2024
Бишкек booked.net
+19...+31° C

День: 13.11.2021

Шайлообек Атазов кандай үйдө жашайт?

Шайлообек Атазов кандай үйдө жашайт?

Спортто чоң ийгиликтерди жаратып, соңку жылдары ошондой ийгиликтерди саясатта багындыруу тилеги бар жаш саясатчынын басып өткөн жолуна "Бейне" долбоорубузда үңүлдүк. Балалыгы, студенттик курагы, спорттук карьерасы, саясатка аттануусу, дегиле өмүр таржымалынын ...

«Атама» деп созолонткон ырчы Өсөр Козуевдин 11 бөлмөлүү үйүндө конокто

«Атама» деп созолонткон ырчы Өсөр Козуевдин 11 бөлмөлүү үйүндө конокто

“Жылдыздын үйүндө конокто” долбоорунун кезектеги каарманы ырчы, обончу Өсөр Козуев болду. Биз ырчынын 11 бөлмөдөн турган үйү менен таанышып, ырчы менен ар кыл темада маектештик. Толугу менен видеодо.

14-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

14-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 14-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жаан, кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14, Талас ...

Кыргызстандык 3 окуучу Өзбекстанда өткөн физика боюнча эл аралык олимпиадада коло медалды багындырды

Кыргызстандык 3 окуучу Өзбекстанда өткөн физика боюнча эл аралык олимпиадада коло медалды багындырды

Кыргызстандын окуучулары ушул жылдын 8-ноябрынан 13-ноябрына чейин Өзбекстандын Фергана шаарында онлайн жана офлайн форматтарда болуп өткөн Ахмад аль-Фергани атындагы I физика боюнча эл аралык олимпиадада 3 коло медалды багындырышты. Бул ...

Дүйшөн Торокулов: “Быйыл эл өзү каалаган талапкерин тандап алуу укугуна ээ болду”

Дүйшөн Торокулов: “Быйыл эл өзү каалаган талапкерин тандап алуу укугуна ээ болду”

“Эл өз тандоосун жасап, татыктууларды парламентке алып келе алат”, - деди "Альянс" саясий партиясынан талапкер Дүйшөн Торокулов Ош шаарында шайлоочулар менен болгон жолугушууда. Торокулов быйылкы добуш берүүнүн өзгөчөлүгүнө токтолду. Ал ...

“Максатыбыз — элдин бийликке болгон ишенимин кайтаруу ” дейт “Ишеним” партиясынын төрагасы

“Максатыбыз — элдин бийликке болгон ишенимин кайтаруу ” дейт “Ишеним” партиясынын төрагасы

“SUPERTV’да” жаңы долбоор – “Ат жалында маек”. Анын алгачкы коногу "Ишеним" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Азамат Дороев. Ал бул берүүдө жылкы жаныбарын сүйөрүн, балачагы, үй-бүлөсү, максаттары тууралуу ой бөлүштү. ...

Орусиянын «Своим ходом» долбоорунун блогерлери Кыргызстан тууралуу видео жарыялашты

Орусиянын «Своим ходом» долбоорунун блогерлери Кыргызстан тууралуу видео жарыялашты

"Своим ходом" долбоорунун белгилүү орусиялык блогерлери - Виталик менен Лиза Кыргызстан тууралуу видео жарыялашты.  40 мүнөттүк видео блогерлердин расмий YouTube аккаунтуна жарыяланган. Саякатчылар он күнгө жол тандабасты ижарага алып, Бишкекти ...

Америкалык жана германиялык компаниялар 90 пайыздык эффективдүүлүк көрсөткөн коронавируска каршы вакцина ойлоп табышты

Алматыда өспүрүмдөр жана кош бойлуу аялдар коронавируска каршы эмдөөдөн өтө башташты

Алматыда "Pfizer" вакцинасы менен 12 жаштан жогорку өспүрүмдөрдү, ошондой эле кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды COVID-19га каршы эмдөөнү баштады. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты. Алардын маалыматына караганда, COVID-19га ...

Кыргызстанга 200 миң доза «Спутник Лайт» вакцинасы жеткирилди

Кыргызстанга 200 миң доза «Спутник Лайт» вакцинасы жеткирилди

Кечээ, 12-ноябрда Кыргызстанга 200 миң доза "Спутник Лайт" вакцинасы жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. "Кыргызстанга 200 миң дозада орусиялык “Спутник Лайт” вакцинасы келди. Вакцина Орусия Федерациясынын Жарандык коргонуу, ...

«Шамбала» тасмасы Дүйнөлүк Азия кинофестивалында сыйлыкка татыды

«Шамбала» тасмасы Дүйнөлүк Азия кинофестивалында сыйлыкка татыды

Режиссёр Артык Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасы Лос-Анжелес шаарында өткөн Дүйнөлүк Азия кинофестивалында көрүүчүлөрдүн “Ак илбирс” сыйлыгын жеңип алды. Asian World берген маалыматка караганда, тасма ошондой эле 10 миң долларлык сыйлык алган. ...

Алып баруучу Нурзат Токтосунова үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтүн жарыялады

Алып баруучу Нурзат Токтосунова үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтүн жарыялады

Алып баруучу Нурзат Токтосунова кызы жана жолдошу менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Сүрөт социалдык тармактагы баракчасына жүктөлүп, алдына жүрөк быйтыкча калтырылган. Алып баруучу айымдын катталуучулары аларга бакыт каалап, ар бир айым бактылуу ...

Октябрда мөмө-жемиштерге жана жашылчаларга баалар 8,3 пайызга жогорулады

Октябрда мөмө-жемиштерге жана жашылчаларга баалар 8,3 пайызга жогорулады

Ушул жылдын октябрында мурунку айга салыштырмалуу мөмө-жемиштерге жана жашылчаларга баалар жалпы республика боюнча 8,3 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Бир ай ичинде жашылчалар - 8,5 пайызга, жемиштер ...

Ырчы Минюра Рахимжанова турмушка чыкты

Ырчы Минюра Рахимжанова турмушка чыкты

Ырчы Минюра Рахимжанова сүйүктүүсү менен турмуш жолуна аттанды. Үлпөт той кечээ, 12-ноябрда Бишкектеги тойканалардын биринде өттү. Ырчы айымдын колун жигити мындан 2 ай мурда туулган күнүндө сураган эле. Ал бул ...

Ошто 5-кабаттан боюн таштоого аракет кылган жаран куткарылды

Ошто 5-кабаттан боюн таштоого аракет кылган жаран куткарылды

Ошто үйдүн 5-кабатынан боюн таштоого аракет кылган эркек киши куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, 35 жаштагы киши Спортивный көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы балкондон секирип, ...

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 11-12-ноябрь күндөрү Түркия Республикасынын Стамбул шаарына болгон жумушчу сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы түркиялык ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, анда инвестициялык жана өндүрүштүк кызматташтыктын келечеги, ...

Чүйдө курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды (видео)

Чүйдө курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды (видео)

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларынын алкагында Чүй облусунун Москва районунун аймагынан QSZ-92 үлгүсүндөгү 2 даана магазини бар тапанча, бир нече 9×19, 9×18, ...

ИИМ: «Кыргызстанда 9 ай ичинде мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 тоннадан ашык баңгизат алынды»

ИИМ: «Кыргызстанда 9 ай ичинде мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 тоннадан ашык баңгизат алынды»

Ушул жылдын 9 айында республика боюнча жалпы укук коргоо органдары тарабынан 121 миң 659 кылмыш жана жорук катталган. Бул тууралуу ИИМдин коллегиясында айтылды. Алардын ичинде 117 миң 87 кылмыш жана ...

ИИМдин 9 айдагы ишинин жыйынтыгы. Министр кызматкерлерге 14 тапшырма койду

ИИМдин 9 айдагы ишинин жыйынтыгы. Министр кызматкерлерге 14 тапшырма койду

Ички иштер министри Улан Ниязбеков милиция кызматкерлеринин алдына 14 тапшырма коюп, кынтыксыз аткарылуусун талап кылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 12-ноябрда ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 9 ай ...

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолукту. Эмнелер талкууланды?

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолукту. Эмнелер талкууланды?

Президент Садыр Жапаров кечээ, 12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине катышуучу мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык ...

Бишкектин тургунун бычак менен сайган делип Казак жараны изделип жатат

Бишкектин тургунун бычак менен сайган делип Казак жараны изделип жатат

Бишкекте жергиликтүү тургундун ичине бычак сайып кетишти. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматынан бүгүн, 13-ноябрда билдиришти. Маалыматка караганда, кылмыш 11-июнда болгон. Бишкек шаарынын тургунуна бейтааныш адам кол салган. Аталган ...

Акыркы суткада 70 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 70 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 70 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 24, Чүйдө — 19, Ысык-Көлдө — 9, Таласта — 2, Баткенде ...

Бишкекте 33 жаштагы жаран бычактан жаракат алган. Кылмышка шектүү кармалды

Бишкекте 33 жаштагы жаран бычактан жаракат алган. Кылмышка шектүү кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери бейбаштыкка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Маалыматка караганда, 10-ноябрда саат 20:17 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Рыскулов менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде "балдар урушуп, бычакташып ...

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 2 миллион талап кылган. Ал УКМК тарабынан кармалды (видео)

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 2 миллион талап кылган. Ал УКМК тарабынан кармалды (видео)

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 12-ноябрда УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн Жазык кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (опузалап талап кылуу) ...

АРХИВ

Ноябрь 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.